20:02, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түлеевдин улутташтырылган 8 батирин саткан мэриянын кызматкери чек арадан кармалды

На русскомEnglish
09:21, 9 аяк оона 2019 203

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип изделип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 1-сентябрда Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Н.Т. арыз менен кайрылган. Ал аталган башкармалыктын башкы адисинин милдетин аткаруучу А.Э.ге чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, А.Э. кызматтык абалынан пайдаланып, жок аукциондун протоколун жасап, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү 8 батирди сатуу сунушу менен жарандардан 211 миң 500 долар акчасын алып, качып кеткен.

Ошондой эле милицияга борбордун 4 жашоочусу арыз менен кайрылып, А.Э.ге чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын арызында шектүү батир алып берем деп ар биринен алдын ала 20 миң доллардан алган.

«Мындан тышкары ШИИБге 3 адам арыз менен кайрылып, алардан 291 миң 500 доллар алдап алган А.Э.ге чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен жабырлануучулар жалпы 583 миң доллар чыгымга учураган.

Бул факттар Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн изине түшкөн. Шектүү Баткен облусунун аймагында жашырынып жүргөн. Ал Тажикстандын чек арасы аркылуу өтүп, Түркияга учуп кетүүнү көздөп жаткан.

7-сентябрда Криминалдык милиция кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен бирге 1993-жылы туулган А.Э.ны Лейлек районунда чек арадан өткөнү жатканда колго түшүрүштү. Шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

--------------------------------------------------------------------

Буга чейин мэриянын басма сөз кызматы мурунку кызматкер Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан үйдөн 8 муниципалдык батирди сатып, өзү качып кеткени тууралуу билдирген.

Муниципалдык менчик башкармалыгынан башчысы Нурдин Тынаевдин маалыматына караганда, Э.Ашыралиев жумушка 2019-жылдын июнь айынын ортосунда IT-адис катары кабыл алынган. «1-сентябрда эртең менен биз жасалма документтерди таап, укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Учурда бул адамдан канча адам жабыркап, ошондой эле канча суммага зыян келтирилгенин тергөөчүлөр аныктап жатат», - деген Тынаев.

Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан 8 батир мурунку мэр Нариман Түлеевге таандык болгон. Бирок ал батирлер улутташтырылып, мэрияга муниципалдык менчик катары берилген болчу.

Алар:

- 113,4 чарчы метр аянттагы № 137 батир;

- 112,3 чарчы метр аянттагы № 149 батир;

- 112,3 чарчы метр аянттагы № 141батир;

- 111,4 чарчы метр аянттагы № 153 батир;

- 114,5 чарчы метр аянттагы № 161 батир;

- 114,6 чарчы метр аянттагы №165 батир;

- 111,7 чарчы метр аянттагы №145 батир;

- 113,8 чарчы метр аянттагы №157 батир.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком