16:52, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201922 14-декабрга карата аба ырайы

Видео: А.Атамбаев терезеден тарапташтарына кол булгалады

На русскомEnglish
13:46, 4 аяк оона 2019 1379
Алмазбек Атамбаев в здании ГКНБ
Алмазбек Атамбаев в здании ГКНБ

Баракелде -  Бүгүн, 4-сентябрда УКМКнын имаратында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотунун көчмө сот отуруму өтүп жатат. Анда жактоочулардын А.Атамбаевдин баш коргоо чарасы жана анын мыйзамсыз кармалышы боюнча даттануусу каралууда.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин биринчи жолу элге көрүндү. Имараттын алдында анын жакындары, тарапташтары чогулган. Алардын арасында жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев болду.

Бир учурда чогулгандар УКМКнын имаратындагы терезе тарапты карап, кол булгалап башташты. Алар терезеден Алмазбек Атамбаев кол булгалап жатканын айтышты.

(Видео «Апрель» телеканалы тарабынан тартылган)

Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүндө кармалган. УКМКдагы көчмө сот отурумунда анын баш коргоо чарасы тандалган, тактап айтканда 26-августка чейин камалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасынын мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком