02:56, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык волейболчуларды машыктырган А.Анкудинов сыйланды

На русском
21:54, 2 аяк оона 2019 105
Андрей Анкудинов
Андрей Анкудинов

Баракелде -  Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудинов «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы менен сыйланды. Тиешелүү токтомго президент Сооронбай Жээнбеков 29-августта кол койгон.

Кыргызстандык волейболчулар Андрей Анкудиновдун жетекчилигинде ушул жылдын август айында Непалда өткөн Борбордук зонадагы командалар арасындагы Азия чемпионатында жеңишке жетти.

2015-жылы Андрей Анкудинов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамын алган. Ал эми 2017-жылы Мальдив аралдарындагы Борбордук зонадагы командалар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык волейболчулар жеңишке жеткенден кийин «Өкмөттүн ардак белгиси» менен сыйланган.

bc6f5fcf-affe-4a2d-b058-f4483c58ad59

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком