10:51, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мэриянын кызматкери Түлеевдин улутташтырылган 8 батирин сатып, өзү качып кеткен

На русскомEnglish
14:25, 2 аяк оона 2019 1471

Баракелде -  Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Э.А. алдоо жолу менен документтерди жасап, жарандардын акчасын алып жүргөн деп айыпталып жатат. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди.

«Мурунку кызматкер муниципалдык мүлк боюнча аукциондун протоколун жасап, Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан үйдөн 8 муниципалдык батирди сатып, өзү качып кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул тууралуу кабардар болгон башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев 1-сентябрда Бишкек ШИИБге кайрылган. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. Шектүүгө издөө жарыяланды.

Буга чейин Москва көчөсүндөгү №191 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдөн 8 батир мэрияга муниципалдык менчик катары берилген болчу.

Алар:

- 113,4 чарчы метр аянттагы № 137 батир;

- 112,3 чарчы метр аянттагы № 149 батир;

- 112,3 чарчы метр аянттагы № 141батир;

- 111,4 чарчы метр аянттагы № 153 батир;

- 114,5 чарчы метр аянттагы № 161 батир;

- 114,6 чарчы метр аянттагы №165 батир;

- 111,7 чарчы метр аянттагы №145 батир;

- 113,8 чарчы метр аянттагы №157 батир.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком