17:33, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

18-19 жаштагы жигиттер адамдарды тоноп жүрүшкөн

На русском
15:22, 30 баш оона 2019 180
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Милиция кызматкерлери тарабынан бир нече кылмышка шектелген жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май РИИБге Ж.Б. (эркек киши) аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 25-августта саат 19:00 чамасында Арча-Бешик конушунан азиат түспөлүндөгү белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен өзүнүн «Хонда Фит» унаасына отургузушкан. Андан кийин Бишкектеги күрөөканалардын бирине алып барып, 10 миң сомго бааланган «Самсунг» жана 13 миң 500 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефондорун күрөөгө калтырууга мажбурлашкан. Алар акчаны алгандан кийин качып кетишкен.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 2000-жылы туулган С.К., 2001-жылы туулган К.Т. менен Ж.А. кармалып, убактылуу абакка киргизилди.

Шектүүлөр учурда ушул сыяктуу 3 кылмышка шектелип жатат. Тергөө иштери улантылууда.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0(312) 44-44-57, 0(773) 09-71-85, 0(703) 90-52-95, 0(709) 79-39-71 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу билдирсе болот.

Шектүүлөр

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком