00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асановдун камактагы айдоочусу тууралуу милициянын билдирүүсү

На русскомEnglish
14:57, 25 баш оона 2019 9860
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун камактагы айдоочусу менен жактоочулар жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

24-августта Аскердик прокуратурага ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө тобунун жетекчиси камактагы 1997-жылы туулган П.Д.нын катышуусунда тергөө иш-чараларын өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. Саат 18:00 чамасында П.Д. Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин саат 21:30 чамасында кайрадан ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына алынып келген.

«Ушул эле күнү кечинде саат 21:45 чамасында жактоочулар С.Т. менен Х.К.нын талабы боюнча П.Д. менен жолугушуу уюштурулган. Белгилеп кетүүчү жагдай, жактоочулардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратылып жатканы тууралуу факт тастыкталган жок. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары боюнча жактоочуларга Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына кирүүгө укуктуу экени айтылды. Ошондой эле алар ШИИБдин жетекчилигине расмий түрдө кайрыла алат. Бирок айрым жактоочулар социалдык тармактарды жасалма резонанс жаратуу үчүн колдонуп жатканын белгилеп кетүү керек.

Учурда шектүү П.Д. башка шектүүлөр менен Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында камакта. П.Д.га карата укук бузуулар катталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча ИИМдин атайын багыттагы кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком