16:10, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Эмнеге мен өлгөн жокмун?»: Курбусунун тоюнда жол кырсыкка кабылган Алинанын жашоосу

15:38, 25 баш оона 2019 26893
Алина Кувайбекова
Алина Кувайбекова

Баракелде -  22 жаштагы Алина Кувайбекова жол кырсыктан кийин кайрадан басууну үйрөндү. Бардык кыйынчылыктар — жөн гана сыноо деген Алина Limon.KG басылмасына жашоосу, курбусунун үйлөнүү тоюнда болгон жол кырсык тууралуу айтып берди.

Үйлөнүү тойдогу кырсык

1997-жылы Бишкекте төрөлүп, Ысык-Көлдө чоңойдум, ата-тегим Чүйдөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эжем жана иним бар. Атам жеке ишкер, апам пенсияда. Буга чейин аскер бөлүктө иштеген, прапорщик наамы бар. Өзүм 4 тилде — кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйм.

2015-жылы 3-октябрда курбумдун үйлөнүү тою болду. Кой-Ташка сейилдөөгө жана сүрөткө түшүүгө бардык. Ал жерден саат 14:00 чамасында чыгып, жол кырсыкка кабылдык. Унаанын артында отургам, айдоочу рулду башкара албай, унаа бир нече жолу оодарылып кетти. Жүргүнчүлөрдүн баары унаадан ыргыды. Ал эми унаа арыкка кулады. Айдоочу — күйөө баланын досу ооруканага жетпей каза болуп калды. Тез жардам эртерээк келсе, балким тирүү калмак. Айдоочунун жанындагы жигиттин баш мээси чайкалды. Мени ооруканага алып барышканда ата-энеме телефон чалуум керектигин айтышты. Апама телефон чалып, апам эжеме билдирип, ал жолдошу менен 15-20 мүнөттөн кийин келди. Ал эми 3 сааттан кийин ата-энем Ысык-Көлдөн келип калышты.

Көзүм жабылды...

Бир нече ооруканага бардым. Алар мени улам башка ооруканага жөнөтүп жатышты. Балким менин абалымды көрүп, жоопкерчилик алуудан коркушту. Алгач Чүй облустук ооруканасына, андан кийин №4 шаардык ооруканага, андан соң республикалык ооруканага алып барышты. Чыкый сөөгүм сыныптыр, операцияга кирдим. Онго чейин саноо керектигин айтышты, 3-4кө келгенде эле көзүм жабылды… Ойгонгондо дем алуу кыйын болду. Оозумда түтүкчө бар экен.

Жол кырсыктан кийин баса албай жүрдүм. Операциядан кийин уйкудан тура алган жокмун. Кайрадан басууну үйрөндүм, майып арабага да отурдум. Эки жагымдан жөлөп тургузушчу. Авариядан кийин мени менен сүйлөшкөндөр, айрым досторум жоголду. Учурда алар менен сүйлөшпөйм.

Ата-энем унаа белек кылды

Эң кыйыны унаа коркунучунан кутулуу болду. Ооруканадан чыккандан кийин үйгө унаа менен бара жатканда абдан корктум. Жол кырсыктан соң 2 жылдан кийин айдоочулук күбөлүк алып, ата-энем унаа белек кылышты. Бий жана волейболго кайткым келет, бирок убакыт жок.

Операциядан кийин калыбыма келүү оор болду. Атам менен апам мени колдоп жатышты. Бир айдан кийин өзүмө келип, окууга кайттым. Бирок дарыгерлер тыюу салышканына карабай, университетти таштагым келген жок. Жол кырсыкка чейин бийге катышып, волейбол ойночумун. Математика, физика боюнча олимпиадада грамота алгам.

Эмнеге мен өлгөн жокмун...

Азыркыга чейин дарыланып келем. Кырсыктан кийин организмим алсыз болуп калды. Ал күнү келин (курбусу) менен күйөө бала саат 21:00 чамасында тойго барып, үйлөнүштү.

Тоскоолдуктарга карабай окуу жайды окуп бүтүрдүм. Баарына күлүп, бардыгы жакшы экенин айтканым менен ичимден эмнеге айдоочу каза болду, эмнеге мен эмес деп ойлонуп жүрдүм. Мен үчүн абдан оор болду. Ата-энеме угузбай ыйладым…

Учурда курулуш компаниясында эсепчи болуп иштейм. Бала кезимде модель болгум келчү. Максатым — жакында эле сатып алган жер тилкеде курулуш ишин баштоо жана магистратурага тапшыруу. Жер тилкени сатып алууга ата-энем да жардам берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком