09:14, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 18 жаштагы жигиттер өспүрүм баланы тоноп кетишкен

На русском
16:50, 23 баш оона 2019 160
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  18 жаштагы жигиттер өспүрүм баланы сабап, уюлдук телефону менен акчасын тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

15-августта Биринчи май РИИБге жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Ал 14-августта Чоң Чүй каналынын жанынан өспүрүм инисин сабап, 10 миң 500 сомго бааланган «Redmi» үлгүсүндөгү телефонун жана 3 миң сомун тартып алган белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектелип 18 жаштагы К.К., К.Б., жана А.К. кармалды. Шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайда.

Алар ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн. Эгерде алардан жабыркагандар болсо 0 (773) 104 050, 0 (551) 614 160, 0 (707) 517 451 телефон номурларына жана «102» кызматына кайрылса болот.

Шектүүлөр

Подозреваемые

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком