19:59, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандагы тоодо жоголгон казакстандык альпинисттер табылган жок

На русскомEnglish
15:38, 23 баш оона 2019 94
Мурат Отепбаев и Андрей Корнеев
Мурат Отепбаев и Андрей Корнеев
// Tengrinews.kz

Баракелде -  Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолорунда жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кеткен аскердик альпинисттер кайтып келишти. Жоголгондордун өздөрү да, издери да табылган жок», - деп айтылат маалыматта.

19-августта алматалык альпинисттер Мурат Отепбаев менен Андрей Корнеев кардын «туткунунда» калганы белгилүү болгон. Алар 6600 метр бийиктен түшө албай калышканы болжолдонууда. Буга чейин алардын жанындагы Александр Чечулин өпкөсү шишип каза болгону маалымдалган.

Алар Жеңиш чокусуна болгон экспедицияны 4-августта баштап, акыркы жолу 16-августта байланышкан. Кечээ, 22-августта казакстандык куткаруучулар тик учак менен Жеңиш чокусунда издөө иштерин жүргүзүшкөн. Оң жыйынтык чыкпагандыктан бүгүн издөө иштери токтотулду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком