00:56, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги мушташка катышкандар изделип жатат

На русском
08:45, 23 баш оона 2019 132
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Носорог» түнкү клубунун жанында мушташ чыкты. Окуя 21-августта саат 02:40 чамасында болгонун ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

102 кызматы аркылуу чакыруу түшкөндөн кийин окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

«Жаңжалга катышкандар белгисиз тарапка кетип калышкан. Күбөлөрдүн алгачкы көрсөтмөлөрү боюнча белгисиз адамдардын ортосундагы жаңжал мушташка айланган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мындан тышкары С.С. аттуу жарандан арыз түштү. Анын айтымында, азиат түспөлүндөгү адамдар унаасын зыянга учуратышкан. Бул факт да Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда аталган окуя боюнча башка жабырлануучулардан арыз түшө элек. Шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо жана аларды издөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком