20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Камакка алынган жактоочу Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип жатат

На русском
08:15, 23 баш оона 2019 480

Баракелде -  Жактоочу Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, ИИМдин Тергөө кызматына 2018-жылы 19-сентябрда Н.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, И.Айткулов 5,5 миң долларын алдап алганын айткан. Арыз Тергөө кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен катталып, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

«Башкы прокуратура материалдарды текшерип, кошумча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына кайтарып берген. Ушул жылдын 4-январында материалдар Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

22-августта И.Айткуловго Жазык кодексиндеги 204-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирилген. И.Айткулов кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Икрамидин Айткулов кармалганы AKИpress агенттигине өздүк булактар аркылуу маалым болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком