00:56, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кантта банктын имаратынан 22 телефон уурдап кетишти

На русском
12:15, 22 баш оона 2019 369
Кант шаары
Кант шаары

Баракелде -  Кант шаарында белгисиз адамдар «Мөл Булак» банкына кирип, 22 телефон уурдап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Ысык-Ата РИИБге 1987-жылы туулган С.А. (аял киши) арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 16-17-август күндөрү саат 17:30-08:00 аралыгында белгисиз адамдар банктын имаратына кирип, телефондорду алып кетишкен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком