18:43, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бир жылдан бери изделип жаткан кылмышкер Чалдоварда жашырынып жүргөн

На русском
09:42, 22 баш оона 2019 120

Баракелде -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Чалдовар айылында Бишкекте изделип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери Чалдовар айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү ишин жүргүзүштү. Тинтүүдө издөөдө жүргөн 27 жаштагы С.Б. аттуу жаран кармалды. Ал буга чейин Жазык кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле 2018-жылдан бери Биринчи май РИИБ тарабынан изделип жаткан.

Шектүү Жайыл РИИБге жеткирилип, андан кийин Биринчи май РИИБге берилди. Кийинчерээк Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком