19:54, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында иштөөгө 9 миңдей чет элдик жаран уруксат алган

На русском
08:49, 22 баш оона 2019 63
// АКИpress

Баракелде -  Акыркы 7 айда чет элдик 8 миң 757 адис Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат алган. Бул тууралуу кечээ, 21-августта Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган көрсөткүч өкмөт 2019-жылга бекиткен квотанын 50,3 пайызын түзөт (жалпы 17 миң 410 адам ). Анын ичинде 656 жеке ишкер бар. Ал эми аймактарда 2019-жылдын 1-августуна карата эмгек квотасы төмөндөгүдөй берилген:

- Бишкек шаары – 43,4%;

- Жалал-Абад облусу– 25,2%;

- Чүй облусу – 15,5%;

- Ош облусу – 5%;

- Ош шаары – 4,7%;

- Нарын облусу – 2,8%;

- Ысык-Көл облусу – 1,9%;

- Баткен облусу – 1,1%;

- Талас облусу – 0,4%.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком