19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

На русском
18:52, 21 баш оона 2019 126

Баракелде -  Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2016-жылы жайында Ошто жергиликтүү жашоочу «Тойота Превия» унаасын сатыкка чыгарган. Унаанын ээси алдамчынын тузагына түшүп, унаасыз калган.

«Ал унааны 180 миң сомго баалап, кардар акчанын бир бөлүгүн — 50 миң сом гана берип, калганын кийинчерээк берүүнү убадалаган. Андан кийин унаанын ээсин алдап, өзү качып кеткен. Ал эми унааны башка адамдарга сатып жиберген. Бул факт быйыл Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү катары 1973-жылы туулган К.Ж. кармалды. Ал Ноокат районундагы базардан колго түштү. Шектүү буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком