18:07, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өмүрбек Бабанов кайрадан суракка чакырылды

На русском
17:40, 21 баш оона 2019 142

Баракелде -  Бүгүн, 21-августта Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрадан суракка чакырылды.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, ал суракка саат 15:00гө чакырылган. Бирок саат 17:10дө келген.

Буга чейин Бабанов «Коммерциялык банк «Кыргызстан» ААКтын иши боюнча күбө катары суракка чакырылганы маалымдалган.

-----------------------------------------------

Кечээ, 20-августта Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыккан. Ал 21-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, 23-августта кайрадан УКМКга суракка чакырылганын айткан.

Ө.Бабановдун айтымында ал Он-Адырдагы окуя боюнча күбө катары суралган. Муну жаңы кодекстеги норма менен байланыштуу деп түшүндүргөн. Ал эми сурак учурундагы маалыматтарды жарыялабаш үчүн макулдашканын айтып, толук маалымат берген эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком