00:54, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өмүрбек Текебаевдин иши: Жактоочулар жаңы жагдайларды айтып беришти

На русскомEnglish
17:16, 21 баш оона 2019 218
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Баракелде -  Бүгүн, 21-августта Жогорку сотто мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Жактоочулар Жогорку соттон Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү суранышты.

Алардын айтымында, Леонид Маевский «ВТБ 24» банкындагы эсебинен 1 миллион доллар албаганы такталды. Буга чейин ал 2010-жылы май айынан июнь айына чейин 300 миң доллар жана 700 миң долларды «MegaCom» компаниясынын акция пакеттери үчүн пара катары берүүгө алганын билдирген. Анын жан сакчысы Сергей Кутуков Ө.Текебаевге да, Д.Чотоновго да акча берген эмес. Ал өзү 2010-жылы июль айында Бишкекке келбегенин тастыктаган.

«Ошондой эле Алексей Модиндин 2010-жылдын 13-майындагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн табуляциясы бар», - деди жактоочу.

Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, тергөөнүн версиясы боюнча 2010-жылы 13-майда Леонид Маевский жашаган «Хаят» мейманканасына башка адам катталган.

«Ал күнү мейманканага Леонид Борисов аттуу адам барган», - деди жактоочу.

-------------------------------------------------------------

2019-жылы 3-майда Жогорку соттун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттук коллегия Кылмыш-процесстик кодексинин 384-389-беренелерин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылган: «Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесинин башчысы Мамбетовдун соттолуучу Өмүрбек Текебаевге карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо сунушу жана анын кызыкчылыгын жактаган жактоочулар Жаныбеков, Асманбаевдин арыздары, жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Сатыбалдиевдин соттолгон Дүйшөн Чотоновго карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо жөнүндө сунушу канааттандырылсын. Соттук акциялардын бөлүмүнөн соттолгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөн Тезекбаевичке карата колдонулган үй-мүлкүн конфискация кылуу жазалары алынып салынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт».

-------------------------------------------------------------

Ө.Текебаев 2017-жылы 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком