20:01, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Таштагы окуя боюнча кимдер кармалды? (тизме)

На русскомEnglish
16:03, 21 баш оона 2019 284

Баракелде -  ИИМдин тергөө органдары 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуя боюнча козголгон кылмыш ишти изилдөөнү улантып жатат. Учурда барымтага алуу, массалык баш аламандыкты уюштуруу жана башка кылмыштарга шектелип 6 адам кармалганы белгилүү.

Алар:

- мурунку президент Алмазбек Атамбаев (8-августта кармалып, 26-октябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди);

- Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов (8-августта кармалып, №1 убактылуу кармоочу жайга 8-октябрга чейин киргизилди);

- КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов (8-августта кармалып, №1 убактылуу кармоочу жайга 8-октябрга чейин киргизилди);

- КСДПнын мүчөсү Амантур Жамгырчиев (8-августта кармалып, №1 убактылуу кармоочу жайга 8-октябрга чейин киргизилди);

- «Элдик штабдын» жетекчиси Кыяс Смаилов (8-августта кармалып, №1 убактылуу кармоочу жайга 8-октябрга чейин киргизилди);

- Фархад Баабиев (16-августта кармалып, 9-октябрга чейин камалды).

Кой-Таштагы окуядан кийин 13-августта Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан алынды. Анын бошотулушун ИИМ «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын сатуу жана ишенимди жоготуу» катары түшүндүрдү. Андан кийин 14-августта Асановго кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козголду.

Ошондой эле ИИМдин Тергөө кызматына жана УКМКга 7-8-августта А.Атамбаевдин үйүндө жүргөндөр күбө катары суракка чакырылды.

Сурак бергендердин тизмеси:

- депутат Ирина Карамушкина;

- депутат Асел Кодураңова;

- мурунку депутат Равшан Жээнбеков;

- УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев;

- мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров;

- мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев;

- А.Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев;

- А.Атамбаевдин тууганы Нурбек Шаршенов;

- КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева;

- «Апрель» телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложников;

- КСДПнын Россиядагы өкүлү Темирлан Султанбеков;

- КСДПнын мүчөсү Эрмек Окенов;

- УКМКнын кызматкерлери Б. менен К.;

- «Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана анын жолдошу Фархад Бөрүкеев;

- КСДПнын жаштар канатынын өкүлү Кундуз Ажибекова;

Ошондой эле суракка күбө катары журналист Мирбек Айтикеев чакырылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком