00:52, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнегин караңгылатууга кимдерге уруксат берилген?

На русском
14:55, 21 баш оона 2019 379

Баракелде -  Жогору Кеңештин мурунку депутаты, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду ташыган унаанын алдыңкы айнегин караңгылатууга уруксат берилген эмес.

Буга чейин Ө.Бабанов УКМКда сурак берип жатканда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери «Лексус LX570» унаасына протокол түзүп, айып короого киргизишкен болчу. Ал эми айдоочуга 5500 сом айып салынган.

Ө.Бабанов сурактан чыкканда анда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат бар экенин билдирген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы буга макул эмес. Башкармалыктын басма сөз кызматынан кимге жана кайсы учурда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилерин айтып беришти.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмү боюнча, айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу 3-категориядагы (5500 сом айып) айып пул салууга алып келет.

Учурда бул норма өкмөт тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген атайын унааларга тиешелүү эмес. Өкмөттүн 2016-жылдын 30-июнундагы токтому менен алдыңкы жана каптал айнектери караңгылатылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси түзүлгөн.

Алар:

- президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын кызматтык унаасы;

- УКМКнын 9-кызматынын президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын кызматтык унааларын кайтарган жана коштогон унаалары;

- «Кыргыз инкассациясы» жабык акционердик коомунун акча жана баалуу жүктөрдү ташыган атайын транспорт каражаттары;

- соттолгондорду жана камакка алынгандарды ташууга багытталган атайын кызматтык транспорт каражаттары.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түшүндүргөндөй, Өмүрбек Бабановду ташыган «Лексус LХ570» унаасына каптал айнегин караңгылатууга уруксат берилген эмес. Аталган унаа Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги талаптарга ылайыктуулугун аныктоо үчүн Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборуна жөнөтүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком