00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сот отуруму кайрадан жылдырылды

На русскомEnglish
10:28, 21 баш оона 2019 56

Баракелде -  Бүгүн, 21-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча дайындалган сот отуруму жылдырылды. Буга эки жактоочунун келбегени себеп болду.

Буга чейин аталган жактоочулар судья Кубанычбек Касымбековго 21-августка башка процесс дайындалганын эскертишкен. Кийинки сот отуруму 23-августка белгиленди.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком