18:42, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Өмүрбек Бабанов 21-23-августта кайра суракка барат

На русскомEnglish
20:15, 20 баш оона 2019 348

Баракелде -  Өмүрбек Бабанов бүгүн, 20-августта УКМКга сурак берип чыкты. Анын айтымында, 21-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, 23-августта кайрадан УКМКга суракка чакырылган.

Ө.Бабанов Он-Адырдагы окуя боюнча күбө катары суралганын айтты. Муну жаңы кодекстеги норма менен байланыштуу деп түшүндүрдү. Ал эми сурак учурундагы маалыматтарды жарыялабаш үчүн макулдашканын айтып, толук маалымат берген жок.

----------------------------------------------------------------------------

Өмүрбек Бабанов 19-августта саат 15:00 - 16:00 чамасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип, саат 21:50дө чыккан. Ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКга байланыштуу суроолорго жооп берген.

----------------------------------------------------------------------------

Ө.Бабанов Россиядан Бишкек шаарына 9-августта учуп келген. Андан кийин кичи мекени Талас облусуна барып, Кара-Буура районунда түлөө өткөрдү.

----------------------------------------------------------------------------

Ө.Бабановдун Кыргызстанга кайтары белгилүү болгондон кийин УКМК ага карата 2 кылмыш иш козголгонун эске салган. Биринчи кылмыш иш Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча козголгон. Кийин экинчи кылмыш иш токтотулган.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жооп берет», - деп айтылган маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком