00:47, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ГЭС-5 тарапта суудан табылган унаадан жансыз дене чыкты

На русском
16:54, 20 баш оона 2019 710
ГЭС-5
ГЭС-5
// АКИpress

Баракелде -  Чүйдөгү Ысык-Ата районунун тургуну дайынсыз жоголуп, анын денеси ГЭС-5 тараптагы суу каналдан табылган унаанын ичинен чыкты. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, маркум — Нооруз айылынын тургуну үйүнөн акыркы жолу 7-августта чыгып кеткен.

11-августта Ысык-Ата РИИБге жергиликтүү тургун (аял киши) кайрылып, 1989-жылы туулган иниси С.К. дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арыз ээснин айтымында, тууганы 7-августта эртең менен өзүнүн «Гольф 3» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кеткен бойдон дайынын билдирген эмес.

Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгы менен С.К. Дружба айылына барган бойдон чыкпаганы белгилүү болгон. 17-августта саат 19:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери ГЭС-5 тараптан мотор майынын изин табышкан. Анын артынан дайынсыз болуп жаткан жаранга тиешелүү унаа табылды.

Суучулдардын жардамы менен автоунаа суудан чыгарылып, айдоочу отуруучу орундан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркум С.К. экени такталды.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком