20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги №47 абактан кандай буюмдар табылды?

На русском
13:52, 19 баш оона 2019 100

Баракелде -  Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү абагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында төмөнкү буюмдар табылды:

- уюлдук телефондор — 16 даана;

- акча каражаты — 2714 сом;

- уюлдук телефондун батарейкасы — 11 даана;

- телефонду кубаттоочу жабдык — 41 даана;

- сим-карталар — 10 даана;

- кулакка таккыч — 26 даана;

- брага (сыранын бир түрү) — 2 литр;

- сейф — 2 даана;

- килем — 23 даана;

- балта — 4 даана;

- оюн картасы — 2 куту;

- спираль — 1 даана;

- бензин — 0,5 литр;

- болгарка — 1 даана;

- атыр — 16 даана;

- Wi Fi-роутер — 1 даана;

- жип — 10 метр;

- спорттук шаймандар — 12 даана;

- чубалгы — 3 метр;

- кол араа — 2 даана;

- электр араасы — 1 даана;

- саюучу-кесүүчү буюмдар — 114 даана.

«Ошондой эле абактын негизги тосмосундагы 15 метрлик тилке текшерилди. Жерди казуу же казууга даярдоо иштери байкалган жок», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком