00:52, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Атамбаевдин камалышынын мыйзамдуулугу каралган сот отуруму кайрадан жылдырылды

На русскомEnglish
13:47, 19 баш оона 2019 69
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 19-августка Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин камалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралган отурум белгиленген. Бирок тергөө тобунун башчысы Эркебек Аширходжаев бошобогондуктан процесс 20-августка жылдырылды.

Буга чейин 16-августта да сот отуруму өткөн эмес. Жактоочу Сергей Слесарев тергөөчүнүн келбегени жактоочулар сот Атамбаевдин кармалганынын мыйзамдуулугуна баа берген документти ала албай турганын түшүндүрөрүн билдирген болчу.

16-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өткөн. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес, тактап айтканда 26-августка чейин камакта калтырылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком