02:52, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айдоочуларга эскертүү: Унааларды мажбурлап эвакуациялоо башталды

На русском
12:25, 19 баш оона 2019 331
// АКИpress

Баракелде -  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо ишин кайра баштады. Өкмөт бул тууралуу тиешелүү токтомду 2017-жылдын 4-апрелинде кабыл алган.

Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо «Айчүрөк» соода борбору тарапта башталган.

Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, атайын унаа токтотуучу жайларга жеткирүү кандай учурда жүргүзүлөт?

автоунаа темир жол кесилишинде, тоннелдерде токтотулганда;

тротуарларда жана веложолдордо;

эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде үч тилке бар болсо) жана алардын алдында;

жолдогу сызык менен токтоп турган транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгондо;

жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо жана аралык 5 метрден аз болгондо;

аялдамаларда, ал эми алар жок болгон учурда транспорт каражаттары же такси токтой турганын көрсөтүүчү белгиден 15 метр аралык сакталбаган учурда (эгерде кыймылга тоскоолдук жаралса);

транспорт каражаты башка транспорт каражаттарынын кыймылына (кирүү/чыгуу) же жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан учурда;

«Эвакуатор» деген жол белгилери турган жерде.

«Эгерде автоунааны эвакуациялоо учурунда анын айдоочусу бар болсо протокол түзүлүп, эвакуатордун акысы айдоочу тараптан төлөнөт», - деп айтылат ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком