00:53, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Таштагы баш аламандык боюнча Фархад Баабиев кармалды

На русскомEnglish
12:00, 19 баш оона 2019 360

Баракелде -  Ведомстволор аралык тергөө тобу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон массалык баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө массалык баш аламандыкка Фархад Баабиев аттуу жаран катышканы аныкталды.

«16-августта Ф.Баабиевге Жазык кодексиндеги 264-берененин 2-бөлүмүндө (массалык баш аламандыктарга катышуу) каралган кылмышка шектелип жатканы маалымдалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Баабиевдин баш коргоо чарасын тандап, 9-октябрга чейин камакта калтырды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком