18:41, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевдин иши боюнча дагы бир шектүү үй камагына чыкты

На русскомEnglish
16:57, 18 баш оона 2019 187
Ирина Цопова
Ирина Цопова

Баракелде -  Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулуп, өлкөнүн аймагынан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган дарыгер Ирина Цопова үй камагына чыкты. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта тастыктады.

Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту 17-августта караган. Анын жыйынтыгында СИЗО-1 мекемесинде камакта отурган дарыгер сот залынан бошотулду. И.Цопова 2019-жылдын май айында кармалган болчу.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча айыпталгандардын тизмеси

-----------------------------------------------------------

Учурда Азиз Батукаев Чечен Республикасындагы №2 «Чернокозово» түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу «Лента.ру» басылмасы жазды.

«Прайм-Тайм» сайтынын маалыматы боюнча, Батукаевге өкүм 2017-жылы 7-августунда чыгып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 264-берененин 4-бөлүмү (мас абалда унаа башкарып, жол кыймылынын эрежесин бузуу менен этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келүү) боюнча айыпталган.

Аны экстрадициялоо маселеси жазасын өтөп бүткөндөн кийин карала турганы расмий маалымдалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком