00:58, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ИИМ: Сейит Атамбаевдин кайындарынын үйүнөн акча, адамдардын тизмеси табылды

На русскомEnglish
13:15, 17 баш оона 2019 2346
Сейит Атамбаев
Сейит Атамбаев

Баракелде -  Сейит Атамбаевдин кайын атасы Ж.М. жашаган Бишкек шарындагы үйгө тинтүү жүргүзүлдү. ИИМдин бүгүн, 17-августтагы маалыматы боюнча, текшерүү Кой-Таш айылында 9-августка караган түнү болгон массалык баш аламандык фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан соттук териштирүүлөргө байланыштуу.

Текшерилген үйдөн С.Атамбаев 8-август күнү таштап кеткен баштык табылган.

«Анын ичинде 170 миң сом, адамдардын тизмеси, жашаган жери, телефон номурлары жазылган барактар, ошондой эле 2 млн 225 миң сом жана 318 миң доллар сарпталганы тууралуу маалыматтар жазылган кагаз табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул каражат митинг менен баш аламандыктын катышуучулары үчүн пайдаланылган», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Учурда кылдат текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.

Ал эми Сейитбек Атамбаев катуу сабалгандыгы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга ИИМ: «С.Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына 8-августта чакырылып, суракка алынган. Анын денесине жаракат келтирилген эмес. 9-август күнү дагы чакырылып, сурак берип жатканда 7-8-августта жаракат албаганын, бутун кайрып алып, травматологиялык пунктка кайрылганын билдирген. Учурда С.Атамбаев денесине кайдан, кантип жаракат алганы такталып жатат», - деп билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком