23:32, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Фоторепортаж — УКМКнын алдына чогулган А.Атамбаевдин тарапташтары

На русском
14:09, 16 баш оона 2019 331
Раиса Атамбаева
Раиса Атамбаева

Баракелде -  Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди 26-августка чейин камакка алуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Шаардык соттун отуруму УКМКнын имаратында жабык режимде өттү. Адис Момуналиев — төрагалык кылуучу судья болду.

УКМКнын имаратынын алдына А.Атамбаевдин туугандары менен тарапташтары чогулду.

А.Атамбаев 8-августта кармалып, биринчи ИИМге жеткирилип, андан кийин УКМКга которулган.

Буга чейин Башкы прокуратура А.Атамбаев төмөнкү кылмыш иштери боюнча шектелип жатканын билдирген:

1. укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу;

2. массалык баш аламандык уюштуруу;

3. адам өлтүрүүнү уюштуруу;

4. адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу;

5. барымтага алууну уюштуруу;

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, Атамбаев ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча да шектелип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком