02:15, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202038 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду

Аида Салянова камактан эмне үчүн бошотулганын түшүндүрдү

На русскомEnglish
12:54, Баш оона айынын он алтысы, 2019 504

Баракелде -  «Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө мага түшүнүү менен мамиле кылды. Ошондуктан мени камактан бошотушту». Мындай билдирүүнү мурунку башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал ошондой эле операцияга даярданып жатканын жана бир нече убакыт байланышта боло албай турганын кошумчалады.

ЖАМКтын маалыматына ылайык, А.Салянова Кыргызстандын шартында операция жасатуудан баш тарткан.

Буга чейин ИИМдин маалыматында: «Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жактоочунун катышуусунда Салянова тергөө менен кызматташууга макул экенин билдирди. Буга байланыштуу жаңы мыйзамдар боюнча буга чейинки баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», - деп айтылган.

-----------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган. Үй камагына 15-августта Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага коррупция беренеси боюнча айып тагылган. 5-июлда Бишкек шаардык соту аны 26-августка чейин СИЗО-1 мекемесинде камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком