00:57, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Раиса Атамбаева ага кылмыш иш козголгонун жарыялады

На русскомEnglish
11:34, 16 баш оона 2019 1347

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ага карата Манас Арапбаевдин иши боюнча кылмыш иш козголгонун билдирди.

Ал бүгүн, 16-августта УКМКнын алдында билдирүү жасап: «Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат кир иш экенин билип, ага аралашпоого аракет жасачумун. Мен жада калса кайсы сот каерде жайгашканын билбейм жана судьялардын бирин да тааныбайм», - деди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку башчысы Манас Арапбаев Раиса Атамбаевага карата көрсөтмө бергени тууралуу маалымат жарыяланган.

Учурда УКМКда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүп жатат. Ал 26-августка чейин камакка алынган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком