19:58, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Башкы прокуратура А.Атамбаев кайсы беренелер боюнча айыпталып жатканын санап берди

На русскомEnglish
19:03, 15 баш оона 2019 128
// АКИpress

Баракелде -  Аскердик прокуратуранын тергөө тобу кылмыш ишти изилдөөнүн алкагында 14-августта Алмазбек Атамбаевге оор жана өзгөчө оор кылмыш иштерине шектелип жаткандыгы тууралуу билдирген.

Башкы прокуратура мурунку президент А.Атамбаев кайсы беренелер боюнча айыпталып жатканын санап берди:

1. Мамлекеттик органдар жана энергетикалык компаниялардагы жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдар менен укукка каршы байланыш түзүү, Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирүүдө коррупция уюштуруу жана «Прогресс компани» ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө. Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүмү жана 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча;

2. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупция уюштуруу. Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүмү жана 319-беренесинин 3-бөлүмү боюнча;

3. Мыйзамсыз баюу жана Пархати менен болгон сүйлөшүүсүндө ири өлчөмдөгү кирешелерди легалдаштыруу. Жазык кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-пункту, 3-бөлүмүнүн 2-пункту (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу). Эгерде мүлк кылмыштуу жол менен алынганы белгилүү болсо кылмыштуу булактарын жашыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундары үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, эгерде мүлк кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди билдирсе, мүлктүн же анын таандыктыгынын анык мүнөзүн, булагын, жайгашкан ордун, тескөө ыкмасын, ага болгон укуктарды жашыруу же катуу; же эгерде мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы ошол адамга белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же аны алган учурда адамга мүлк кылмыштан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ээлик кылуу же пайдалануу, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча бардык аракеттерди (операцияларды же сүйлөшүүлөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерди ээлөөгө, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү.

4. Мамлекеттик геология кызматындагы жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдар менен болгон сүйлөшүүдө лицензияны мыйзамсыз берүү боюнча коррупция уюштуруу. Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүмү, 319-беренесинин 3-бөлүмү (коррупция материалдык, кандай гана болбосун башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон айрым адамдар же топтор менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүүдөн турган атайлаган жосундары).

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком