18:39, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чоң Чүй каналы тараптан жаш кыздын денеси табылды (сүрөттөн абайлаңыз)

На русском
10:48, 15 баш оона 2019 (Жаңыланды: 17:06, баш оона 15 2019) 813

Баракелде -  Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен аймагында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 7-августта табылган азиат түспөлүндөгү маркумдун өздүгү аныктала элек.

Маркумдун белгилери: 20-25-жаштар чамасында, бою 155-160 см чамалуу, арык чырай, чачы сары, бет түзүлүшү тоголок.

Кийимдери: боз футболка, көк жана кызгылт түстөгү ич кийим, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Маркум тууралуу маалыматы бар жарандар (0552) 102 743, (0553) 102 387, (0703) 222 622, (0702) 498 888, (0772) 847 336 номурлары жана «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Фото

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком