07:20, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Бишкекте мыйзамсыз курулган үй бузулду

На русском
15:11, 14 баш оона 2019 34

Баракелде -  Бишкек мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз орнотулган объекттер алынып, муниципалдык жер тилкелерди каттады. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Биринчи май райондук сотунун чечими менен шаардык кызматтар тарабынан Тынчтык конушундагы суу топтомунун коргоо зонасында мыйзамсыз курулган үй бузулду. Ошондой эле мэрия Ч.Айтматов проспектисиндеги муниципалдык жерге узундугу 55 метр болгон тосмо орнотуп алган «KG Групп» курулуш компаниясына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Учурда вице-мэр Азизбек Алымкуловдун тапшырмасы менен мэрия Т.Айматов көчөсүндө жана №66 мектеп жакка орнотулган күркөлөрдүн мыйзамдуулугун текшерип жатат.

Ошондой эле жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо ишин жүргүзүүнү улантып жатат. Биринчи май районундагы №16 муниципалдык аймактык башкармалык жана Октябрь районундагы №8,9,10 кичи райондорундагы муниципалдык аймактык башкармалык текшерилүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком