07:19, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Атам Батукаевдин иши боюнча жазуу түрүндө көрсөтмө даярдап жаткан, - Кадыр Атамбаев

На русскомEnglish
14:40, 14 баш оона 2019 66
Кадыр Атамбаев
Кадыр Атамбаев

Баракелде -  Атам А.Батукаевдин иши боюнча күбө катары көрсөтмөсүн жазуу түрүндө даярдап жаткан, деп билдирди Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев «Апрельдин» Youtube-каналындагы кайрылуусунда.

«Мен анын 31-июлда жасаган билдирүүсүн жакшы билем. Конституциялык сот Батукаевдин иши боюнча атамды күбө катары суракка алууга чекит койгондон кийин аны кабыл аларын айткан болчу. Бул билдирүү болгон. Үйдөгү абал, атам Батукаевдин иши боюнча күбө катары жазуу түрүндө көрсөтмө даярдап жатканы эсимде. Ал көрсөтмөнү тергөөгө бергени жаткан», - деди К.Атамбаев.

Ал атасы президент болуп иштеген учурдагы жетишкендиктерди санап, адилеттүүлүк орноруна үмүттөнүп жатканын айтты. Мындан тышкары акыркы конституциялык реформадан кийин парламент тарыхта эң чоң ыйгарым укка ээ болгонун белгиледи.

«Ал көп нерсе жасай алат. Ошондуктан кийинки 2020-жылдагы шайлоодо биз, оппозициялык күч утулуп калбашыбыз керек», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком