07:23, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жеңиш чокусунда россиялык альпинист каза болду

На русском
12:43, 14 баш оона 2019 50
Сергея Войличенко
Сергея Войличенко

Баракелде -  Россиянын Иркутск шаарынан келген альпинист Сергей Войличенко Жеңиш чокусунда каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта «Иркутск облусунун жаңылыктары» басылмасы билдирди.

Кырсык кечээ, 13-августта болгон. C.Войличенко өзүнүн шериги менен чокуга чыгып бара жаткан.

«Сергей Жеңиш чокусунан кулап кетип, жүздөгөн метрге чейин учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Иш-чарага Сергейдин шериктештери менен Новосибирсктен келген альпинисттер катышып жатат», - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------------

Жеңиш чокусу Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Чоку Кыргыз Республикасынын — эң бийик чекити. Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, ХанТеңри чокусунан 16 чакырым аралыкта жайгашкан.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком