20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген адам 3-кабаттан секирип каза болду

На русскомEnglish
11:58, 14 баш оона 2019 333

Баракелде -  Бишкек шаарында өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кармалган адам Октябрь РИИБдин имаратынын 3-кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

14-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 1984-жылы туулган Ж.Э. кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилген. Ал сурак учурунда терезе тарапка качып, 3-кабаттан секирип кеткен.

«Окуя болгон жерге дароо тез жардам бригадасы чакырылып, Ж.Э. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Ал алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болду», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком