07:19, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кызматынан бошотулган Курсан Асановдун билдирүүсү

На русскомEnglish
08:09, 14 баш оона 2019 8814
Курсан Асанов
Курсан Асанов

Баракелде -  Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү жасады.

«Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулушум ИИМ тарабынан "кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын сатуу жана ишенимди жоготуу" катары түшүндүрүлдү. Бир нерсени айткым келет. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу өлкөдө оор абал түзүлдү. ИИМдин өздүк курамынын жардамы менен абалдын курчушу алдын алынды. Өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыктарымды мамлекеттикинен жогору койгон эмесмин. Аскердик намыс жана генералдын сөзү мен үчүн маанилүү. Кызмат өтөп жатканда бир нече жолу өлкө коркунучта болгон учурлар кездешкенин белгилеп кетким келет. Мындай учурларда мамлекетте туруктуулукту камсыздоо үчүн күчүмдү да, өмүрүмдү да аяган жокмун. Өзүмдүн өлкөмдүн жана абийиримдин алдында тазамын. Бул күндөрү өлкөдө тартипти камсыздаган кесиптештериме, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Элиме колдоо жана түшүнүү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деп айтылат билдирүүдө.

К.Асанов редакция менен болгон маегинде ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айтып, башка суроолорго жооп берген жок.

---------------------------------------------------------------------------

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы кечээ, 13-августта белгилүү болду. Кийинчерээк ИИМдин басма сөз кызматы мындай чечимге байланыштуу кенен маалымат таратты.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы: «Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялардын жүрүшүндө массалык баш аламандыктардын алдын алууга, коомдук коопсуздукту сактоого, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында А.Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн негизги максаты — А.Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп берүүсү жана бардык маселелерди укук талаасында чечүү керектиги белгиленген. Бирок А.Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон эмес. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилеп, өз эрки менен колго түшүү менен абалды курчутпоону талап кылып, А.Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген. Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда А.Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит болгон.

Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”, - деп айтып жатты. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген. Үйдүн ичиндеги А.Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап, А.Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду.

7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө, иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгына, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айрым маалыматтар азырынча ачыкталбайт.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү».

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком