07:20, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча айыпталгандардын тизмеси

На русском
16:07, 13 баш оона 2019 3271

Баракелде -  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимдер айыпталып жатканы боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-апрелинде Башкы прокуратура тарабынан А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү менен (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталгандар:

- Гемотология борборунун дарыгерлери Э.Макимбетов, И.Цопова, аталган борбордун башчысы А.Раимжанов;

- мурдагы саламаттыкты сактоо министри Д.Сагинбаева, министрликтин өкүлү К.Бектемиров;

- өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы З.Рысалиев, анын кеңешчиси К.Качкыналиев, аталган мекеменин медициналык-санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы А.Асанов, дарыгер Ф.Атаходжаев;

- жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору М.Акматалиев, прокурордун мурдагы жардамчысы К.Жуматаев;

- мурдагы башкы прокурор А.Салянова;

- УКМКнын төрагасынын кеңешчиси М.Бекенов;

- мурдагы вице-премьер министр Ш.Атаханов;

- Нарын шаардык сотунун төрагасы Ж.Эрматов;

- жактоочу А.Касымов;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Табалдиев.

Аларга Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коррупция), 329-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык), 359-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмасы), ошондой эле А.Атамбаевге Жазык кодексинин 43-беренеси, 319-беренесинин 2-бөлүмүндө (коррупцияны уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыштар менен шектенүү жөнүндө кабарламалар берилип, сот тарабынан тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө И.Цопова, К.Качкыналиев, А.Салянова, М.Бекенов, Ж.Эрматов, А.Касымов жана А.Атамбаев камакка алынып, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан үй камагына чыкты. Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Б.Табалдиевге издөө жарыяланды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком