18:34, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Атамбаев адам өлтүрүүгө, баш аламандык уюштурууга жана барымтага алууга шектелип жатат, - Башкы прокуратура

На русскомEnglish
12:34, 13 баш оона 2019 384
// АКИpress

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканы тууралуу кабарланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкектеги маалымат жыйында Башкы прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, А.Атамбаев төмөнкү кылмыш иштери боюнча шектелип жатат:

1. укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу;

2. массалык баш аламандык уюштуруу;

3. адам өлтүрүүнү уюштуруу;

4. адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу;

5. барымтага алууну уюштуруу;

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, Атамбаев ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча шектелип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком