18:04, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 20201092 Оштогу борбордук аянтта кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
17:19, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202034 Тоңдо «Мекенимди даңктаймын» сынагы өттү
Учурда окулуп жатат
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (327 адам окуп жатат)
Оштогу борбордук аянттын жанынан кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (158 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (67 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (48 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

ӨКМдин кызматкерлери Дача СУга учак кулаганда телефондорду жыйнап алышкан

На русскомEnglish
18:13, Баш оона айынын алтысы, 2019 261
// АКИpress

Баракелде -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Дача СУда авиакырсык болгон жерде телефондорду жыйнап алышкан. Аларга карата кылмыш иш козголгонун АКИpress агенттигине бүгүн, 6-августта Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын 31-июлунда 6 өрт өчүрүүчү кызматкердин баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган. Алар кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, прокурор, тергөөчүгө тергөө иштерине тоскоолдук жаратууга шектелип жатат.

Болжолдуу маалымат боюнча, ӨКМдин 22 кызматкерине карата кылмыш иш козголгон. Алар ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылып жатат.

ӨКМ тергөө жүрүп жаткандыктан комментарий берүүдөн баш тартты.

Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган эле. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болчу. Көз жумгандардын эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар.

Учактын бортунда ар кандай 86 тонна жүк болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком