01:56, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада бычакталган жигит Аксынын тургуну болчу

На русском
15:19, 6 баш оона 2019 245
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Москва шаарында өлтүрүлгөн кыргызстандык жарандын денеси 29-июлда мекенине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга чейин «Москва комсомолу» басылмасы булактарга шилтеме берүү менен билдиргендей, Москва шаарында жаш жигиттер Кыргызстандын эки жаранына кол салып, алардын бирин өлтүрүшкөн. Кылмыш 26-июлда кечинде Малые Камещики көчөсүндө болгон. Үч дос: спорттук товарлар сатылуучу дүкөндүн 19 жаштагы кызматкери, 18 жаштагы жигит жана 17 жаштагы өспүрүм спирт ичимдигин ичип отурушкан.

«Алардын жанынан 25 жана 32 жаштагы кыргызстандык жигиттер өтүп бара жаткан. Алар жумуштан ошол эле көчөдө жайгашкан үйлөрүнө кайтышкан», - деп жазган басылма.

Шектүүлөрдүн бири кыргызстандыктар агрессивдүү болгондой сезилгенин айткан. Ошондо ал газ баллонун алып чыгып, алардын бетине чачып жиберген. «Андан кийин алар мушташа кетишип, үч шектүү бычак алып чыгышкан. Курал баарында болгон. Бирок азыркы убакта ким бычак сайганы аныктала элек. Ал эми 19-18 жаштагы жигиттер 17 жаштагы өспүрүмгө каршы көрсөтмө беришти», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Мушташтын кесепетинен кыргызстандык жигиттердин бири окуя болгон жерден каза болду. Ал эми экинчиси колунан жаракат алып, качып кетүүгө жетишкен.

Бир нече күндөн кийин Россиянын полиция кызматкерлери Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен кылмышка шектүү жигиттерди кармашты. Алардын жанынан ок атылбаган курал-жарак табылган. Жабырлануучу үчөөнү тең тааныган.

Элчиликтин маалыматы боюнча, маркум Т.у.А. Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кара-Суу айылында 1993-жылы туулган. Бычак анын жүрөгүнө сайылган. Экинчи жабырлануучу — Аксы районунун Ак-Жол айылынын 1987-жылы туулган тургуну колунан жаракат алган.

«Т.у.А.нын денеси "Жүк-200" аркылуу 29-июлда Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Россиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги 105-берене (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголду. Ошондой эле ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана юристтер тергөөчүлөр менен жолугуп, ыкчам тергөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыргызстандык жарандын өлүмүнө шектелип 3 өспүрүм кармалды, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком