08:48, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жаш жигиттер 30дай унаанын аккумуляторун уурдап кетишкен

На русском
14:41, 27 теке 2019 184

Баракелде -  Бишкек шаарында унаалардын аккумуляторун уурдап жүргөн жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгисиз адамдар 8-июлга караган түнү Арча-Бешик конушунда «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын 2 аккумуляторун чыгарып кетишкен. Жабырлануучуга 18 миң сом зыян келтирилген. Ушул эле күнү Арча-Бешик конушунда «Мерседес-Бенц» унаасынын 2 аккумулятору ууралган. Келтирилген зыян — 20 миң сом. Бул факттар Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюна Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Ленин РИИБдин кызматкерлери үч шектүүнү кармашты. Алар — 1999-жылы туулган О.Э., М.Н. жана А.А. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр ушул сыяктуу 30 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком