17:33, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 25 жаштагы жигит иштеген жеринде баңгизат сактап жүргөн

На русском
08:00, 26 теке 2019 144

Баракелде -  Бишкек шаарында баңгизат сактап жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

20-июлда Биринчи май РИИБге Ф.А. аттуу жигит гашиш колдонуп, аны жумушунда сактап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө баңгизат сактоого шектелип 1994-жылы туулган Ф.А. кармалды. Шектүү иштеген жер — Зеленый көчөсүндө жайгашкан имарат тинтүүгө алынып, спецификалык жыты бар зат табылды. Аталган зат 80 грамм марихуана экени аныкталды. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учуда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком