09:06, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020599 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (20 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (12 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (10 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин ооруканага 16 адам кайрылды

На русскомEnglish
10:06, Теке айынын жыйырма төртү, 2019 138

Баракелде -  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдан кийин ооруканага 16 адам кайрылды. Алардын ден соолугунун абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 23-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалдан жабыркап, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жаткан адамдарды көрүп келди. Ал дарылоо схемасы менен таанышып, тез жардам кызматын көрсөтүүдө уюштуруу маселесин күчөтүүнү жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары Баткенге тез жардам унаасы менен тар чөйрөдөгү адистер жана дарыгер жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле керектүү дары-дармеги менен эки тез жардам кызматынын унаасы күнү-түнү нөөмөттө турат.

----------------------------------------------------------

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, 22-июлда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

Маалыматка караганда, Ак-Сай–Ворух жолундагы Төрт-Көчө тилкесине тажик тарап өлкө президенти келет деп даярдык көрүп жатышкан. Саат 17:20 чамасында тажик тарап шарттуу чек арадан 1 метр аралыкта желек орнотушкан. Кыргыз тарап нааразычылыгын билдиргенде тажик жарандары желекти 2 метрге өздөрү тарапка жылдырышкан.

Кыргыз тарап Эски-Тумба тилкесине (Дача аймагындагы) эски Ак-Сай деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан. Бул окуялардан кийин саат 17:50 чамасында эки тарап уруша кетип, бири-бирине таш ыргытып башташкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком