01:45, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020140 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Жоокерлерди сабаган офицер менен прапорщик үй камагына чыкты

На русском
16:28, Теке айынын жыйырма үчү, 2019 217
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги жоокерлерди сабоого шектелген офицер менен прапорщик үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда АКИpress агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Ага лейтенант А.у.М жана прапорщик К.Б. 18-июлда кармалган. Биринчи май райондук соту 19-июлда алардын баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарды», - деп айтылат маалыматта.

Аскер бөлүктөрдүн бириндеги прапорщик К.Б. жана ага лейтенант А.уулу М. кызматтык укуктарынан аша чаап, 2018-жылдын 16-июлунан баштап 3 жоокерге карата күч колдонуп жүрүшкөн.

«Алар А.Б., А.И. жана А.А. аттуу катардагы жоокерлерди союл (дубинка) менен сабап, прапорщик К.Б. акча талап кылган. 16-июль күнү Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы бул фактыны Жазык кодексиндеги 321-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (бийликтен аша чабуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жоокерлерге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком