08:48, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020443 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020211 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области

Өзбекстанда ишкер дүкөнүн бузууга барган чиновникке бензин чачып өрттөп салды

На русскомEnglish
11:27, Теке айынын жыйырма үчү, 2019 1518

Баракелде -  Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунун Яккабаг районунда жеке ишкер анын эки кабаттуу дүкөнү менен цехин бузууга барган акимдин орун басарын өрттөп салды.

Бул окуя 20-июлда болгон. Яккабаг районунун акиминин орун басары Мансур Туймаев ички иштер бөлүмүнүн 20дай кызматкери менен ишкердин дүкөнүнө барган. Бульдозердин айдоочусу анын имаратты бузуу буйругун аткарбаганда, ал өзү бульдозерге отуруп иштеп жаткан дүкөндү бузууга аракет кылган. Ошондо дүкөндүн ээси ага бенсиз чачып өрттөп салган.

Бензин чачкан бизнесмен Ички иштер министрлигине, ал эми анын аялы менен уулу милиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Дүкөндүн ээси акчалай компенсация алмайынча дүкөнүн буздурбай турганын айткан. Буга Туймаевдин жини келип, дүкөндү бузуу үчүн бульдозерге отурган. Ошондо Тумаевден дүкөндүн ээси бульдозердон түшүүнү суранып, ага каршы болсо өрттөп саларын айткан. Бирок акимдин орун басары унааны от алдырып баштаган. Ошондо бизнесмен Туймаевге бензин чачып өрттөп салган. Адамдар күйүп жаткан Туймаевди куткарууга жетишти», - деди күбө.

Жергиликтүү жашоочунун айтымында, акимдин орун басары Мансур Туймаев бир нече айдан бери Яккабаг районунун жашоочуларынын дүкөндөрү менен үйлөрүн бузуп келет.

Яккабаг районунун ички иштер органынын кызматкерлери, прокуратурасы аталган окуя 20-июлда болгонун тастыктады. Ошондой эле райондук прокуратура аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкери ооруканада жаткан Мансур Туймаевдин сүрөтүн көрсөткөн. Чиновник денесинен оор жаракат алган эмес.

Райондун жашоочуларынын айтымында, 20-июлда болгон окуядан кийин үйлөр менен дүкөндөр милиция кызматкерлери тарабынан бузулуп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком