07:40, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020223 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201356 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сүрөт — Кыргызстандагы сейрек кездешкен канаттуулар

На русскомEnglish
12:25, Теке айынын жыйырма экиси, 2019 520

Баракелде -  Кыргызстанда Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү канаттуулар жана келгин куштардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга жыл сайын сейрек кездешкен жапайы канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Агенттиктин кызматкерлери жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, курчап турган чөйрөгө, өсүмдүктөргө, жаныбарларга аяр мамиле жасоого чакырышат. Ошондой эле жапайы жаныбарлар жана куштардын санын каттап, алардын көбөйүп же азайганын көзөмөлдөшөт.

Учурда Кыргызстанды сейрек кездешкен канаттуулардын 400дөн ашык түрү байырлайт. Алардын ичинен 57 түрү Кызыл китепке киргизилген. Ал эми 233 түрү өлкөнүн аймагына уя салып, 114 түрү отурукташса, 119 түрү келгин куштар болуп саналат. Ошондой эле 23 түрү өлкөдө кышташат.

Кызыл канат теминетумшук — сейрек кездешкен отурукташкан куш. Аска-зоолуу капчыгайларда 2800-3500 метр бийиктикте байырлайт. Бирок учуу мезгилинде Бишкектин четинде жана жапыз тоолуу, таштуу же кумдуу жерлерди байырлайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком