08:45, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түркмөнстандын элчиси Гурбангулы Бердымухамедов каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

На русском
21:15, 21 теке 2019 4144

Баракелде -  Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматты четке какты.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болгону маалымдалган. Элчиликтен расмий билдирүү кийинчерээк болорун кошумчалашты.

Кыргызстандык Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, интернетке тараган маалымат жалган.

Буга чейин саясат таануучу жана Евразия көйгөйлөрү боюнча мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев «Москва сүйлөйт» агенттигине булактарга шилтеме берүү менен Гурбангулы Бердымухамедов каза болгонун билдирген.

Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкканы маалым болгон.

Ал эми «Эркин Түркмөнстан» YouTube-каналы Ашхабаддагы кабарчыларына шилтеме берип Бердымухамедов кечээ, 20-июлда күндүн экинчи жарымында көз жумганын, анын өлүмүнө оору себеп болгонун билдирген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком