08:47, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020442 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020211 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (14 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду, - ЖМК

На русскомEnglish
20:26, Теке айынын жыйырма бири, 2019 8228

Баракелде -  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду. Бул тууралуу саясат таануучу жана Евразия көйгөйлөрү боюнча мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев «Москва сүйлөйт» агенттигине булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкканы маалым болгон. «Эркин Түркмөнстан» YouTube-каналы Ашхабаддагы кабарчыларына шилтеме берип билдиргендей, Бердымухамедов кечээ, 20-июлда күндүн экинчи жарымында көз жумган. Анын өлүмүнө оору себеп болгон.

Учурда бул маалыматты расмий тарап тастыктап де четке кагат элек.

Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июлда төрөлгөн. Ал 2007-жылы 14-февралда Түркмөнстандын президенти болгон. Анын 1 уулу жана 3 кызы бар.

Буга чейин өлкө башчы эс алууну китеп жазуу менен баштаганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген болчу.

Мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн сюжетте президент неберелери менен чогуу сейилдеп, мышыктарды ойнотконун да көрүүгө болот. Буга чейин маалым болгондой, Гурбангулы Бердымухамедов ат жана алабай тукумундагы күчүктөрдү жактырат. Мамлекеттик телеканал өлкө башчы жылкы жана күчүктөргө жакын экенин, алар тууралуу китеп жазып, өзүнүн ырларын арнаганын көрсөтүп келет.

«Балдардын үй жаныбарларына жасаган мамилесинен алардын жоопкерчиликтүүлүгүн көрүүгө болот», - деп жазган Түркмөстандын мамлекеттик маалымат агенттиги.

Видеодон Гурбангулы Бердымухамедов «Түркмөнстандын дары чөптөрү» аталышындагы китеп жазып, сыналгыдан өзүнүн клиптерин көрүп, неберелери менен сейилдегенин көрүүгө болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком